Мугалимдин демилгеси менен мектептин китепканасы жаңыланды

0
510

Баткен шаарындагы Владимир Ильич  Ленин атындагы орто мектебинде  «Ашар» ыкмасы менен китепкана ачылды.

Китепкана ачуу демилгесин аталган мектептин мугалими  Фурхат Авлиеев көтөргөн. Ал окуучуларды китеп окууга тартуу үчүн алгач ыңгайлуу шарт тузү, кызыктуу, керектүү китептер менен камсыздоо зарыл деп эсептейт.

Бул багытта анын  демилгесин мектеп мугалимдери, ата энелер колдоп, кыска аралыкта мектептин эски китепканасы оңдоп түзөөдөн өтүп, жаңы адабий китептер менен толукталып, атайын  шарттар  түзүлдү.

«Китеп фондун жакшыртуу үчүн  мектепте “бир адамдан бир китеп акциясы уюштурулган.  Учурда китепкана окуучулардын билимин тереңдетип, дуйнө таанымын жогорулатууга багытталган 500дөн ашуун китеп менен камсыздалды»,дейт демилгечи мугалим Фурхат Авлиеев.

Мектеп мугалими алдыда окуучуларды китепканага тартуу максатында, турдүу иш чараларды пландап жатканын кошумчалады.

Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here