Баткен шаарында латоктор алмашып,брусчатка төшөлөт

0
868

Баткен шаарынын Мухтар Нургазиев көчөсүнүн күн батыш тарабындагы суу жүрүүчү ноолорго  атайын түтүктөр  коюлуп, жөө киши жүрө турган жолдорго жол таштары жаткырылат.

Максаты шаар инфра-түзүмүн жакшыртуу жана шаардыктарга ыйгайлуу шарт түзүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында 1000 метрге чукул  жерге түтүктөр  орнотулуп, 2000 м2 жерге жол таштары жаткырлат. Ошондой эле жол жээгиндеги электр мамычалары иреттелип,  аялдамалардын айланасы кенейтилет.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 5600 000 сом акча каражаты каралып, курулуш ишин аяктоо мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын июль айына чейин белгиленген деп билдирди шаардык мэриядан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here