Авиакассадан акча, сарайдан мал уурдаган жаран кармалды

0
1097

Раззаков шаарынын тургуну  мал сарайынан 3 баш бодо малын уурдаткандыгын билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Бул арыз боюнча Лейлек жана Кадамжай райондук милициясы  биргеликте иштеп, Халмион айылындагы мал базарда мал сатып жүргөн Раззаков шаарынын 21жаштагы тургунун аныкташкан.

Шектүү, уурдалган бодо малдарды сатып жаткан жеринен, изин жашырганга үлгүргөн.

Ыкчам изилдөө иштеринин жүрүшүндө ал Кадамжай районунун аймагында качып жүргөн жеринен кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү шул жылдын январь айларынын аяк чендеринде Раззаков шаарынын автобекетинде жайгашкан авиакассанын айнегин талкалап кирип, 50000сом акчаны уурдап кеткендиги да  белгилүү болду.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат деп билдирди облустук милиция.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here