Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарынын эли менен жолугушту.
Жолугушууда шаардагы бир канча чечилбей келе жаткан социалдык маселелер айтылды. Жарандар өзгөчө шаардагы таза суу, саркынды суу жана жарыктандыруу, жумушсуздук, турак жай үчүн жер боюнча суроолорун беришти.
Абдикарим Алимбаев жетекчилерге ар бир коюлган тапшырма так жана ыкчам чечилип, эл арасында көйгөйлөр жаралбашы керектигин тапшырды.
Облус башчысынын мындай жолугушуулары алдыда облустун ар бир район, шаарларында өтөт.
Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар аймактагы курч көйгөйлөрдү ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өтүүдө.