Баткенде 600 миң сом уурдаган өспүрүмдөр кармалды

0
274

Баткен шаарындагы “Асылбек” соода борборунун сатуучусу  17-мартка  караган түнү белгисиз жарандар анын дүкөнүнүн эшигин бузуп киришип, 600миң сомго жакын акчасын уурдап кеткендигин билдирип, милицияга кайрылган.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Баткен районунун 15 жаштагы  жана Жалалабад облусунун Базар-Коргон шаарынын 18жаштагы  тургундары Бишкек шаарынан кармалды.

Кылмышка шектүү өспүрүмдөр уурдалган акчага сатып алынган телефондор, кийим кечелери менен тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Азыркы күндө тергөө иштери сотко жиберилген деп билдирди облустук милициянын маалымат кызматы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here