Апрель ыңкылабына 12 жыл

0
219

Баткенде 7-апрель элдик революциянын 12 жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү. Митинг -реквиемге КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер,кызматкерлери жана  шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш чарасында облус башчысы, мамлекет тарыхындагы бул олуттуу окуянын маанисин белгилөө менен курман болгон жарандардын жакындарына көнүл айтып, 2010-жылдын 7-апрели — өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, бирок ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири экендигин айтып өттү.

Эскерүү митингинин соңунда курман болгон апрель баатырларынын арбагына багышталып куран окулду.

Белгилей кетсек, 2010-жылы Президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши каза болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here