Баткенде Айгүл гүлдөдү

0
445

Дүйнөдө сейрек кездешкен, кызыл китепке кирген, Баткенде өскөн, Айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу Баткен райондук токой чарбасынын директору Бактияр Козубаев, биздин «Салам» медиага билдирип, жаңы ачылган гүлдөрдүн сүрөттөрүн жиберди.

Козубаевдин айтымында эртен 7-апрелден тарта гүлдү көрүүнү каалаган жарандарга, корукка кирүүгө уруксаат берилет.

Кирүү акысы чоң кишилер үчүн 50 сом, жаш балдарга 20 сом, ал эми туристтер үчүн 100 сом деп белгиленгенин кошумчалады.

Ошону менен катар Айгүл гүлүн үзүүгө тыюу салынаарын, ага аяр мамиле жасоо зарылдыгын эскертет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here