Кыргызстанда төрт күндөн бери коронавирустун жаны учуру катталган жок

0
477

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда 7-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок деп билдирди.

Акыркы 4 күндөн бери өлкө боюнча коронавирустук инфекциянын жаңы учуру катталган эмес. Ошондой эле акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 31 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 279 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here