Баткенде дан эгиндерин жыйноо иштери башталды

0
401

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак аймагындагы «Элита» үрөн чарбасы күзүндө себилген кылкандуу дан эгиндерин оруп, жыйнай баштады.

Чарба талаасында гектарына 44 центнерден түшүм алынып жатканын облустук бийликтен билдиришти.

Белгилей кетсек, бул жазда облус боюнча жалпы 20 миң 778 гектар жерге кылкандуу дан себилип, өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндеринин аянты 200 гектарга көбөйгөн.

Эске салсак, 2024-жылдын түшүмү үчүн 5900 гектар күздүк себилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here