12-июнда Ак-Кула ат майданынын аймагында чагылган түшүп, бир адам каза болгонун муниципалитеттен билдиришти.
Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Белгилей кетсек, ипподромдун аймагын пайдаланбоо боюнча бир нече жолу талаптар муниципалитет тарабынан коюлганы менен адамдар аттарды үйрөтүп, машыктырып келишет.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.