Кумтөр алтын кени Кыргызстанга толук кайтарылды

0
334

Президент Садыр Жапаров бул боюнча 4-апрелде Кыргызстандыктарга жана дүйнө коомчулугуна кайрылуу жасады.


Өлкө башчысы өз кайрылуусунда »Центерра« менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге жаңы эле кол коюлду.
Биз эң чоң улуттук байлыгыбыз –Кумтөр кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшүн камсыздай алдык.
Ошентип, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү!
Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп атасам аша чапкандык болбостур. Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек!
Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын! деди.
Ошондой эле түз эфирде элге кайрылуусунда келишимди «тарыхый бурулуш» деп атап, Кыргызстан чет элдик инвестицияга ачык экенин билдирди.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here