Лейлектин Борбордук айылында заманбап мектеп ачылды

0
527

4-апрель күнү Лейлек районунун Борбордук айылында жаңы курулган 225 орунга ылайыкталган 2 кабаттуу мектептин ачылыш аземи болду.


Иш-чарага облус башчысы Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын май айында өлкө башчысы Садыр Жапаров, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган билим уясынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салган.
Мектеп буга чейин “Хамза” орто мектеби болгон болсо, эми ага залкар жазуучу Ч.Айтматовдун ысмы ыйгарылды.


“Хамза” орто мектебинин эски имараты 1970-жылы 320 орундуу болуп колдонууга берилген. Анын эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңы мектеп куруу зарылчылыгы жаралган. Натыйжада 225 орундуу жаңы мектеп 65 млн сомго курулуп бүттү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here