Чек арадагы айылга 42млн сомго балдар бакчасы курулду

0
432
Лейлек районунун Кулунду айылындагы “Бурул эне” балдар бакчасынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү. Белгилей кетсек Кулунду айылы Тажикстан Республикасы менен чектеш жайгашкан.
Ачылуу аземге Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов жана тиешелүү жетекчилер, айыл тургундары катышты.
Район акими, бала бакчанын ачылышы жакшы жетишкендик экенин айтты. Бул аракеттер ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетип, өсүп келе жаткан жаш муундардын билим сапатын жогорулатууга салымы чоң болоорун белгиледи.
Белгилей кетсек ,балдар бакчасынын  курулуш иштери 2019-жылы башталган.
Имарат 140 орунга ылайыкташкан.
Балдар бакчасы 42 млн сомго, мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулду.
Азыркы күндө бакчадагы 315 балага 13 тарбиячы билим тарбия берүүдө.
Балдар бакчасы керектүү эмеректер-жабдыктар менен толукталып, заманбап шарт түзүлдү деп айтылат КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here