Баткенде Кореялык инвесторлор менен бирге ишкана ачылды

0
297

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Түштүк Корея Республикасынын Тулжен Инкорпорейтед компаниясынын жетекчиси Ким Чуль Енг
менен жолукту.
Жолугушууда Баткен районунун келечектеги өнүгүү пландары туурасында кеп козголуп, инвестор тарабынан бир топ сунуштар айтылды.
Маалым болгондой, Тулжен кыргыз Жоопкерчилиги Чектелген Коому быйылкы жылы Баткен районунун Дара жана Кара Бак айыл өкмөтүнүн аймактарында жерлерди ижарага алып соя өсүмдүгүн өстүрүүнү баштайт. Келечекте жердин аянтын көбөйтүп, дыйкандарды соя өсүмдүгүнүн үрөнү менен камсыздап, өндүрүлгөн сырьёну сатып алат. Ошондой эле жолугушууда дыйкандар үчүн атайын агротехникаларды жана кайра иштетүүчү цехтер куруп, биргеликте иш жүргүзүү жагы пландалды.
Белгилей кетсек Корей инвестору агрардык тармак боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Баткен районунун Кара Бак айылында ишкана ачып, 25- мартта Юстиция башкармалыгы тарабынан мамлекеттик каттоодон өттү.
Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here