“Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоору үчүн «Айыл Банк» жана «РСК Банкка» 10 млрд сом бөлүнгөн.

0
296

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана антикризистик чараларды иштеп чыгуу жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкө өзүн негизги тогуз  азык-түлүк менен камсыздоо керектигин белгиледи. Алар  эт продукциясы, сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер деди.

Жапаров, «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоору бекитилген, ага ылайык, жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, анын ичинде каражатты ислам принциптерине ылайык сунуштоо үчүн «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акционердик коомдоруна 10 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here