Башы жарылган: Кыргыз чек арачысын тажик чек арачылары сабады

0
340

Кыргыз чек арачысы, Тажик чек арачылары тарабынан сабалды. Бул тууралуу КРнын УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 19-мартында Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкери Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сада жерлигинде кызмат өтөө учурунда чек ара тилкесине жакын жерден белгисиз унааны аныктап, аны кармоого аракет кылып, Тажикстандын чек арачылары кызмат өтөгөн жерге өтүп кеткен. Тажик чек арачылары Кыргызстандык чек арачыны кармашкан.

Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда дароо сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.

Аскер кызматкеринин дене түзүлүшүн кароо учурунда анын башы жарылып, денесинде сыйрыктары бар болуп жана кийими кан болгон.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкеринин айтымында, тажик чек арачылары менен анын ортосунда жаңжал чыккан.

Азыркы учурда аскер кызматкеринин ден соолугунун абалы туруктуу деп бааланууда, ал стационардык дарыланууда.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Чек ара кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here