Тажик аял кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, иштеп жүргөн жеринен кармалды

0
476

Сүлүктү шаарында чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн жаран кармалды.бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Тажик Республикасынын Согди облусунун Дж.Расулов районунун тургуну 1975-жылы туулган НигинаСидикзода,Баткен облусунун  Сүлүктү шаарындагы ашканалардын биринде иштеп жаткандыгын Сүлүктү шаардык милициясынын ыкчам кызматкери аныктап кармаган.

Териштирүү иштеринен жүрүшүндө  НигинаСидикзода  Сүлүктү шаарына Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү белгилүү болот.

Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here