Тажик Президенти кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

0
288

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Бул тууралуу КРнын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө эл аралык майрам статусуна ээ болгон байыркы Нооруз өзүнүн терең руханий мааниси менен адамзаттын кызыкчылыгына кызмат кылып келе жатканы кубандырат.

Биздин замандын оор социалдык-экономикалык жана геосаясий шарттарында Жаз майрамынын жалпы адамзаттык баалуулуктары кайра жаралуу жана жаратуу, тынчтык жана бейпилдик, достук жана биримдик, өз ара түшүнүшүү жана тилектештик, өз ара урматтоо жана колдоо идеалдарын камтыган өзгөчө мааниге ээ.

Мен кыргыз-тажик кызматташтыгы жана ынак коңшулук мамилелери куттуу Нооруз майрамынын жакшы салттарын улантуу менен келечекте биздин элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгүп жана кеңейе берерине терең ишенем», — деп белгиленет Тажикстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here