Президент Баткендин Раззаков шаарына келди

0
326

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк  иш сапары менен келди.

Ал бүгүн 20-мартта Лейлек районунун  Исфана шаарынын аталышын Раззаков деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, “бул окуя жалпы кыргыз элинин, өзгөчө Раззаков атабыздын кичи мекени Баткен облусунун жашоочуларынын эркине эрк кошуучу, мекенчилдик сезимдерин күчөтүүчү негизги факторлордон болоору талашсыз чындык, мен Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо боюнча  мыйзамга сыймыктануу менен кол койдум”, деп белгиледи.

Мамлекет башчысы  жалпы кыргызстандыктарды, Исфана шаарына  улуу инсандын ысымынын ыйгарылышы менен  куттуктады.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 25-декабрында КРнын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо, жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жакшыртуу, КРнын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, өлкө башчысынын жарлыгы чыккан. Анын негизинде Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңеш бул демилгени 3 окууда жактырып, кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, өлкө башчысы  эртең, 21-мартта Баткен шаарында өтүүчү «Нооруз» жалпы элдик майрамына катышат.

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here