Баткенде Нооруз майрамы чоң салтанат менен өтүүдө

0
636

Учурда Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамы өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусу менен өтүүдө.

Мамлекет башчысы алгач борбордук стадиондогу “Килемдер аллеясы” улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөсү жана “Тарых барактары»деген  тарыхий инсандардын стенди менен таанышты. Ошондой эле Нооруздун урматына даярдалган бир тонналык сүмөлөктү ачуу аземине катышып, жалпы элге тынчтык, биримдик, токчулук, молчулук каалап, сүмөлөктөн ооз тийди.

Садыр Жапаров Баткен элин Нооруз майрамы менен кутуктап,аймакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик колдоолор дагы да уланаары тууралуу сөз сүйлөдү.

Быйылкы жылы Нооруз Баткенде республикалык деңгээлде уюштурулуп, ага белгилүү маданият өкүлдөрүнүн чоң тобу да катышууда.

Азыркы тапта борбордук стадиондо театрлаштырылган көрүнүштөр, манас, дастандар, ыр, күүлөр жаңырууда.

Белгилей кетсек Нооруз майрамын өткөрүүгө Баткенде акыркы он күн аралыгыда кызуу даярдык жүрүп, борбордук стадион кыска аралыкта реконструкциядан өттү.

 

Чолпон Кожояр кызы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here