Баткенде той аштагы ысырапкорчулукка катуу көзөмөл болот

0
373

Той аштагы ашыкча чыгымды кыскартуу, ысырапкорчулукка бөгөт коюу маселеси облустук деңгээлде талкууланды. Буга чейин өлкө башчысынын бул боюнча жарлыгы, район-шаар, айыл аймактарда талкууланган болчу. Бирок облустук милициянын башчысы Мурат Боронов, элдин жыйынга катышуусу жакшы эмес экенин белгилейт.

Ал, «бүгүнкү күнгө чейин облуста 45 жолу иш чаралар өткөрүлүп, катышкан элдин саны болгону 11миң 148 жаранды түзүп олтурат. Бул деген, биздин облуста 560 миң эл жашаса, анын 10 пайызын да түзбөй жатат» деп белгиледи.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев, элдин жашоо шартын жакшыртуу, социалдык көйгөйлөрүн жеңилдетүүгө багытталган жарлыкты ишке ашыруу учур талабы экенин белгилеп, облус тургундарын мааракелерди өткөрүү боюнча кабыл алынган жалпы эрежеге баш ийүүгө чакырды.

Ыйгарым укуктуу өкүлү «каада салтка биз тыюу салбайбыз, биз каада салттагы ашыкча чыгымдарга тыюу салып жатабыз. Биз отуз жылдан бери оңолобуз деп эле ашыкча ысырапкорчлуктан ордубуздан жыла албай жатабыз.Ошондуктан кабыл алынган эрежелерге сакталбаса, жер жерлердеги айыл өкмөт, айыл башчылар мыйзам чегинде жооп берет» деди.

Аксакалдар, буга чейин айрым аймактарда ысырапкорчулукту кыскартуу боюнча демилгелер ишке ашканын, бирок аны толук колдобогон, баш ийбеген жарандарды тартипке чакырууда, өлкө башчысынын жарлыгынын мааниси зор экенинин белгилешти.

Сүлүктү шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Ысмайыл Эралиев, «шаардык мэрия, айыл аксакалдар менен чогуу сүйлөшүп, мындан жети жыл мурда эле сөөк чыккан жерден даам татууну токтотконбуз. Ошону азыркы мезгилге чейин сактап келебиз. Бирок кээ бир колунда барлар баш ийбей коет экен. Эми Президенттин жарлыгына ылайык эрежелер, кедейби байбы баарына бирдей болгону жакшы көрүнүш» дейт.

Жыйында жергиликтүү жетекчилерге, айыл аксакалдары, дин өкүлдөрү менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Эгерде коюлган тапшырмалар аткарылбаса тиешелүү жетекчилер мыйзам чегинде жооп берүү жагы да каралды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө чечимин жарыялаган.

Эми, жыйында айтылган сунуш пикирлердин негизинде, той-мааракелердеги жана маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ысырапкорчулукка бөгөт коюу боюнча, атайын жобо иштелип чыгаары айтылды.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here