Украинадан жалпы 559 кыргызстандык эвакуацияланды

0
333

10-март саат 21:00гө карата Украинада согуштук аракеттер башталган тарта 559 кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, мурдараак КРнын 680 жараны консулдук эсепте турган болсо, учурда элчиликтен жардам алууну каалагандар көбөйүүдө.

Кадыркулов Украинанын аймагында 93 жаран калганын белгиледи. 8-мартка карата кезектеги эвакуациядан кийин 71 жаран калган, бирок акыркы 2 күндө дагы 22 жаран жардам сурап кайрылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here