Украинадан качкан жарандардын саны эки жарым миллионго жакындады

0
354

Бириккен Улуттар уюму Орусия Украина согушу башталгандан бери Украинадан 2,3 миллиондон көп киши качканын билдирди. Акыркы суткада эле 161 миң 700 киши чет өлкөгө чыгып кетти.
Алардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы 1,4 миллиндой киши кошуна Польшага качышкан. Польшанын  Чек ара кызматы 10-мартта алдыңкы күнү 117 миң 600 киши киргенин билдирди.
Маалыматка ылайык, украиналык качкындар, Венгрия, Словакия, Румыния, Молдова ж б мамлекеттерге барышууда. Ал эми Орусияда 97 миң украиналык качкын бар экени маалымдалды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here