Чек арада 20 мүнөткө созулган ок атышуу орун алды

0
872

2022-жылдын 11-марты болжол менен саат 02.50 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда кезектеги ок атышуу орун алды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Эски-Таш жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолунун аймагында Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн авто унааларды таш бараңга ала башташкан. КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезметинин авто унааларга таш ыргытпоо талабын тажик чек арачылары этибарга алган эмес.

Ал эми кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында аргасыздан эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Ошол эле учурда аталган жерликте кызматын өтөп жатышкан Тажикстандын башка чек ара кезмети кыргыз чек арачылары жайгашкан байкоо мунарасын көздөй ок атышкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтеринин ортосунда 20 минутага созулган ок атышуу орун алып, ок атышуу саат 03.10 токтогон.
Кыргыз тараптан жарадар жана жаракат алгандар болгон жок.

Чыр-чатактын мындан ары күчөп кетпөөсүн алдын-алып Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, андан ары чыр-чатак орун алган жерде жолугушуусу пландаштырылды.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантышууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here