Баткенде Нооруз республикалык деңгээлде өтөт

0
364

Нооруз майрамы Баткенде республикалык деңгээлде өтөт. Ага карата аймакта кызуу даярдык жүрүп жатат. Майрамга Президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтулүүдө. Ошондой эле өлкөнүн жети дубанынан, кошуна мамлекеттерден да коноктор келет. Нооруздун өзгөчөлүгү 1 тонналык көлөмдө сүмөлөк кайнатылат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнагүл Мурзаева “жети областтан жети идишке суу, жети баштыкка жетиден таш салынып келе жатат, алар ушул жерден өлкө башчысынын, аксакалдардын батасы менен казанга салынып, бир тонналык казанда сүмөлөк кайнатылат. Бул үчүн сырттан чоң казан жасаттык, ал да Кыргызстандын аймагына келип калды. Мына ушинтип Ноорузду өзгөчө шаан шөкөт менен өткөрөлү деп турабыз” дейт.

Майрамдык салтанатты жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн, учурда маданият кызматкерлери да иш үстүндө. Майрамдык салтанаттын башкы режиссеру Эгемберди Чалабаев, кыргыз элинин маданиятын,улуттук баалуулуктарын даңазалаган театрлаштырылган көрүнүштөр, ыр бий, оюн зооктор даярдалып жатканын айтты.

Бул чоң майрам Баткен шаарынын борбордук стадионунда өтмөкчү. Мындан улам, учурда стадионду оңдоп түзөө жумуштары жүрүп жатат. Шаар мэри Имамназар Бурканов, майрамды өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен жана Өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнөөрүн билдирди. Ошондой эле Нооруздун шаңы менен борбордук стадион реконструкциядан өтүп, шаардын инфраструктурасы жакшыраарын кошумчалады.

Нооруздун урматына уюштурулуп жаткан майрамдык иш чара 20-21-март күндөрү борбордук стадиондо чоң программадагы концерт жана кол өнөрчүлүк, улуттук тамак аш көргөзмөсү, улуттук оюндар менен коштолоору айтылууда.

Айжамал Абдикаар кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here