Той аштагы ысырапкорчулук талкууда

0
2349

Баткен облусунун аймактарында, той мааракелердеги жана маркумду
акыркы сапарга узатуудагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу
маселесин талкуулаган жыйындар өтүүдө. Ага район шаар, айыл
аймак башчылары, ички иштер органдарынын кызматкерлери, дин
өкүлдөрү, аялдар, аксакалдар кеңештеринин төрагалары катышууда.

Буга чейин белгилүү болгондой,той аштардагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча бир нече сунуштар айтылып,бирок колдоо тапкан эмес.Тескерисинче  ашыкча чыгым кылгандар чектен чыгып келгени талашсыз.Мындан улам,коомчулукта,ашыкча чыгымга бөгөт коюуу,ар бир үй-үйбүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө болоору айтылууда.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, «өзүнүздөр көргөндөй, бул жарлыкты аксакалдар,аялдар,жаштар колдоп жатышат.Демек бул коомдун даяр экендигин билдирет.Президентибиз ошол нерсени көрөгөчтүк менен көрүп айтып жатат. Биз эми протоколдорду түзүп,ошонун негизинде комиссия, штап түзөбүз, андан кийин комиссия иштей турган болот», дейт.

Бул арада дин кызматкерлери да ашыкча ысырапкорчуллука бөгөт
коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенин,бирок  баш ийбегендер чыгымдын көлөмүн азайтпастан,тескерисинче
көбөйткөндөрүн айтышат. Эми өлкө башчынын жарлыгы чыккандан кийин элге жеткирүү кыйла  жеңилирээк болгонун айтат
Баткен шаарынын баш имам-хатиби Махмуд Курманбаев. Ал «ысырапкерчиликке  динибизде тыюу салынганын кошумчалады. Ал «Президентибиздин жарлыгы менен иш алып баруу,бизге болгон аябай чоң колдоо. Эми баарыбыз биргеликте элибиздин жерибиздин экономикасын көтөрүү үчүн, ысырапкорчулукту жөнгө салуубуз керек» дейт.

Катышуучулар ысырапкорчулуктун элдин жашоо шартына тийгизип
жаткан терс таасирлери,анын кесепетинен миграциянын өсүүсү
сыяктуу социалдык көйгөйлөрүн талкуулашты.

Баткен шаардык кеңешинин депутаты Илва Сатыбалдиева, «ар тараптан элдер өздөрүн кыйнап жатышат,бирөө чоң той берсе, экинчиси аны көрүп, насыя алып той берип жатат, натыйжада миграция да өсүүдө.  Элдерибиз той аш өткөрүүдө атаандашып олтуруп, кыйналып калууда» дейт.

Ошол эле учурда каада-салттагы кыскартууларды дыкат карап чыгуу
керек, айрым салттарга такыр тыюу салуу туура эмес деген жарандар
да жок эмес.

Баткен шаарынын Булак-Башы кварталынын тургуну Толгонай Козубаева, маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча кээ бир салттарды кыскартканга каршы. Ал «маркумду акыркы сапарга узатууда мал союлушу керек. Өзгөчө ата энелер үчүн , көп баланы чонойтуп, эл катарына кошуу оңой эмес, анан кантип эле ал каза болсо мал союлбасын. Каза болгон соң, маркумду жөн эле чыгарып коюу туура эмес» деген пикирде.

Белгилей кетсек,үстүбүздөгү жылдын 24-февралында,өлкө башчысы
жарандардын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин
жогорулатуу,коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү иш
чараларды өткөрүүдө, ысырапкорчулукка жол бербөө максатын
көздөгөн жарлыкка кол койгон.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here