Бишкек шаарында 8-мартта, хоккей боюнча 2022-жылдагы дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.
Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Садыр Жапаров жана өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Кыргызстан менен Кувейт курамаларынын ортосундагы турнирдин финалдык беттешин трибунадан көрүүчүлөр менен бирге көрүштү.
Кыргызстандын Улуттук курама командасы Кувейт командасын 14:0 эсебинде жеңип, аны менен бул Дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээледи.
Буга чейин кыргыз хоккейчилери Иранды 13:1, Малайзияны 22:1 жана Сингапурду 15:0 эсебинде жеңген.
Төртүнчү дивизиондо чемпион болгон Кыргызстандын курама командасы эми Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу алдында үчүнчү дивизиондо ойнойт.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын командасынын ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.
Президент өзүнүн атынан бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-мартынан 8-мартына чейин Бишкек шаарында төртүнчү дивизиондун командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өттү.
Бул республиканын аймагында өткөрүлгөн спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болду.
Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Ирандан беш курама команда катышты.