40ка жакын кыргызстандык Украинанын согуштук аймактарында калууда

0
376

8-март саат 12:00гө карата Украинанын аймагында 107 кыргызстандык калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди
Анын айтымында, алардын 38и согуштук аймактарда:

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектен КР ТИМнин Консулдук кызмат департаментинин эки кызматкеринен турган ыкчам топ Польшага жөнөп кетти.

Азыркы кезде аталган топ Варшавада иш алып барууда.Алар Украинанын аймагынан чыгып, үчүнчү мамлекеттердин аймагында жайгашып турган Кыргызстандын жарандарын мекенине алып келүү максатында барышкан.

Дипломаттар Польшанын шаарларында кыргызстандык жарандар жайгашкан бардык пункттарды кыдырып чыгышты. Мекендештерге тамак-аш уюштурулуп, жергиликтүү бийлик органдары менен кыргызстандыктардын мыйзамдуу туруусу жана андан ары Кыргызстанга алып кетүү маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here