Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.
Маалым болгондон 5-мартта Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршиджон Ахмедов Баткен облусуна иш сапары менен келди.
Аны КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев тосуп алып, Өзбекстан тарабынан курулуп жаткан мектептердин курулушу менен тааныштырды.
Өзбекстан Республикасы Кыргызстандын Баткен облусуна эки 330 орундуу мектеп куруп берүүдө. Анын бирөөсү Баткен районунун Самаркандек айылына, экинчиси Лейлек районунун Маргун айылына курулуп жатат.
Мектептер 2022-жылдын жаңы окуу жылына пайдаланууга берүүсү күтүлүүдө.