Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 8-март -Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү.
Майрамдык салтанатка шаар аймагынан 100гө жакын энелер чакырылды.
Шаар мэри Имамназар Бурканов көп балалуу энелерге, түрдүү тармактарда жигердүү эмгектенген аялдарга жана эмгектин алдыңкыларына сый-урмат көрсөтүп, бардык айымдарды майрамдары менен куттуктады.
Шаар башчысы өз сөзүндө «Аялзат — үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы»,- экендигин белгиледи.
Ошондой эле иш-чарада энелерге арналган концерттик программа тартууланып, аялзатына жакшы каалоо-тилектер айтылып, белектер тапшырылды.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө мэр Имамназар Бурканов шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече айымдарга Баткен шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын, белектерин тапшырды.
Салтанаттуу иш-чарада энелерге жергиликтүү ырчылар жана чыгармачыл инсандар концерттик программа тартуулашты.