Владимир Зеленский 6-март кечинде видео кайрылуу жасап, Орусиянын чабуулунан эң көп жабыркаган шаарларга “баатыр-шаар” деген макам бергенин айтты.
Ошондой эле орус күчтөрү менен күрөшүп жаткан шаарлардын мэрлерине “Эрдик” орденин, айрым облус жетекчилерине Богдан Хмельницкий атындагы орден ыйгарды.
Зеленский кайрылуусунда Орусиянын чабуулдарынан Украинада карапайым тургундар каза таап жатканын белгилеп, Батыштын Москвага каршы санкциялары жетишсиз болуп жатканын айтты.
Украинанын президенти Винницадагы жарандык аэропорт толугу менен талкалаганын да билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери объектиге сегиз жолу ракетадан сокку урган.
Маалым болгондой,Орусия Украина салгылашуусу 24-февралдан бери уланууда.
Ал ортодо Орусиядагы митингдерге байкоо салып келе жаткан “ОВД-Инфо” уюму, 6-мартта Орусиянын 60ка жакын шаарында Украинадагы согушка каршы акциялар өтүп, 4858 катышуучусу кармалганын билдирди.