Мындан ары Кыргызстандын мектептеринде беткап тагынуу милдеттүү түрдө талап кылынбайт. Мындай чечимди 3-мартта, COVID-19 боюнча Республикалык штаб, коронавирус боюнча кырдаал салыштырмалуу турукташып калгандыгына байланыштуу кабыл алды.
Мааламатта жаңы эрежелер окуучуларга, ошондой эле билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тийиштүү экени белгиленген. Ошол эле учурда санитардык эрежелерди сактоо эскертилген.
Белгилей кетсек, 4-мартка карата өлкө боюнча коронавирус 23 адамдан аныкталса, 63 бейтап сакайып чыкты.Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 531 киши айыгып чыкса, 2 миң 962 адам каза болду.