Акылбек Жапаров:Жетекчилердин иши аймакты өнүктүрүү аракетине карап бааланат

0
594

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облус башчылары, район акимдери менен видеоконференция байланышы аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, президенттин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо маселелери каралды.

Акылбек Жапаров, аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө, тазалык жана тартипке, инвестиция тартууга, аймактардагы төрөт үйлөрүнүн абалына, сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бургула деди. Ошондой эле мамлекеттик банктар аркылуу таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар сыяктуу бизнес долбоорлорду биргелешип каржылоого даяр экенин айтты.

Аны менен катар жетекчилердин ишмердүүлүгү, мамлекет башчынын жарлыктарынын жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышы сыяктуу көрсөткүчтөрү боюнча бааланат деп белгиледи.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here