Украинада атомдук электростанциясыдан өрт чыкты.Зеленский аны «өзөктүк террор» деп атады

0
730

Владимир Зеленский чукул кайрылуу жасады. Анда ал Орусия Украинадагы Запорожье атомдук электростанциясына чабуул жасаганын айтып, ал Орусиянын бул аракетин «өзөктүк террор» деп атады.
«Ал Европа ойгонуш керек. Европадагы эң ири атомдук электростанция өрттөнүп жатат, деди.
Украина жетекчилери эгер электростанция жарылса, Чернобылдан он эсе жаман алаамат болоорун кошумчалашты.
Бүгүн 4-мартта эрте менен Украинадагы Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух өрт өчүрүүчүлөр АЭСтеги тилсиз жоо менен күрөшүп башташканын маалымдады.
Белгилей кетсек Украинанын бир катар шаарларында украин орус армиясынын ортосунда салгылашуулар уланууда.Ошондой эле ракеталык соккулар да болуп жатканы кабарланууда.
Ал эми Орус-украин сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасында тараптар гуманитардык коридорлорду уюштурууну, ал аткарылып жаткан учурда ок атышууну токтото турууну макулдашты. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк журналисттерге билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here