Баткен облусунун аймактарында, той мааракелердеги жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу маселесин талкуулаган жыйындар өтүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратууда.
Жер жерлердеги ички иштер органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте уюштурган жыйындарга район шаар, айыл аймак башчылары, дин өкүлдөрү, аялдар, аксакалдар кеңештеринин төрагалары катышууда.
Жыйында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун каада-салттардагы ысырапкерчиликтерди азайтуу багытында чыккан Жарлыгы жөнүндө кеңири маалымат берилүүдө.
Катышуучулар ысырапкорчулуктун элдин жашоо шартына тийгизип жаткан терс таасирлери, анын кесепетинен миграциянын өсүүсү сыяктуу социалдык көйгөйлөрүн талкуулап,мындай ысырапкорчулукка динде да жол берилбестигин белгилешти.
Жыйында бул багытта ар бир айыл аймактын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.