Баткенге жол коопсуздугун камсыздоо үчүн кызматтык унаалар берилди

0
380

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ички Иштер Министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков жана жол коопсуздугу боюнча штабынын начальниги Өткүр Умаров Баткен облусунда болуп, облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жолугушту.

Иш-сапардын алкагында жетекчилер Баткен облусунун район шаарларында болуп, жетишилбеген жол белгилерин коюу, жол чырактарын көбөйтүү жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргелешкен алдын алуу иш-чараларын уюштурууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте талкуулашты.

Белгилей кетсек, мамлекет тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 6 жаңы кызматтык унаалар алынып, Баткен облусуна берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here