Баткен жана Фергана облус жетекчилери  Шахимарданда жолукту 

0
520

Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров  Шахимардан аймагында жолукту. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Баткен жана Фергана облустарынын соода-экономикалык  кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. 

Ал эми буга чейин эки өлкө ортосунда кызматташууну кеңейтүү жөнүндө  комплекстүү программага («Жол Картасы») кол коюлган.   

Анын алкагында,  2023-жылы Баткен облусу менен Өзбекстандын облустары ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин жыйынтыгында экспорттун көлөмү 55,1 млн АКШ долларын түзгөн, ал эми Өзбекстандан 21,2 млн АКШ долларына товар импорттолгон. 

Ошондой эле, 2024-жылдын биринчи кварталында Баткен облусунун Фергана облусу менен товар жүгүртүүсү 1,1 миллиард сомду түздү. 

Учурда Баткен облусунун сырткы байланыштар багытында, кошуна Өзбекстандын аймактары менен кызматташуусу биринчи орунда келе жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here