Баткен районунун акими Бишкек шаарындагы курсанттардан кабар алды

0
491

Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун баатыры генерал-майор Дайыр Асанов атындагы улуттук аскердик лицейинде окуп жаткан баткендик курсанттардан, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев кабар алды. Ал курсанттарды 23- февраль, Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы

Белгилей кетсек, чек ара аймактарындагы жаштардын аскердик билим алуусуна көмөктөшүү боюнча Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жана Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдердин демилгесин, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров колдоого алган.
Натыйжада Баткен районунун​ чек ара аймагында жайгашкан айылдардагы, жалпы 17 бала аталган окуу жайга кабыл алынган.

Ошондой эле аталган аскердик лицейде «Мекен алдындагы ыйык милдет» аттуу эссе сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө Баткен район акими атайын диплом жана баалуу белектерди тапшырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here