Орусия Донбасста аскердик операция баштады, учурда Украинанын бир катар аймактарында аткылоо, жардыруу болуп жатат

0
772

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

Ал ортодо Украинадагы аба кыймылын тейлеген «Украэрорух» мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди.
Ушул тушта Укриананын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Путинди согушка байланыштуу айыптады. Ал «Твиттердеги» баракчасына «Путин Украинага каршы согуш баштады. Жайкын украин шаарларына чабуул уланып жатат. Бул баскынчылык согушу. Украина өзүн коргойт жана жеңет. Дүйнө Путинди токтото алат жана токтотушу керек», деп жазды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here