Акылбек Жапаров Кадамжайдагы 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырды

0
387

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районундагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндөгү гранттарды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы социалдык жактан аяр категориядагы 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүү максатында инновациялык пилоттук долбоорду ишке киргизген.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө «Бул пилоттук долбоор республиканын эки районунда ишке кирди. Биздин максат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оор турмуштук кырдаалдан чыгууга жардам берүү. Мындай долбоорлор аймактарда кичи бизнести өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жакырчылыкты кыскартууга да оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз. Жергиликтүү бийлик органдары мындай үй-бүлөлөр менен тыгыз иштешип, аларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүсү зарыл», — деди .

Баткен облусунда 14 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө каттоодо турат, 45 миң 396 бала 810 сомдон жөлөк пул алат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here