Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусунун Баткен районундагы аскер бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаровго аскердик техника жана аскер кийимдери көрсөтүлдү.
Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы жоокерлерге кайратман кызмат өтөөсү үчүн ыраазычылык билдирип, министрлер кабинетинин атынан Ардак грамоталарды жана министрлер кабинетинин төрагасынын энчилүү сааттарын тапшырды.
Акылбек Жапаров бул күнү облустагы өндүрүш ишканалары менен да таанышты.Ал учурда министрлер кабинетинин көчмө жыйынына катышууда.