Жарандык коом коррупцияга каршы күрөшүү боюнча окуудан өтүүдө

0
656

Баткен шаарында коррупцияга каршы күрөшүү, анын алдын алуу,коррупцияны жоюуга салым кошууга багытталган окутуу болуп өттү.

Катышуучулар коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанилүү механизмдери, маалыматка жетүү, коррупциянын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, гендердик маселелери боюнча билимдерин тереңдете алышты.

Коррупцияны токтотуу боюнча иштеген мыкты эксперттер, мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жүргүзүүнү, факт-чекинг, коррупцияга каршы демилгелер боюнча билимдери менен бөлүштү.

Аталган окутуу, коррупция жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо көйгөйлөрүн изилдөө Борбордук Азия институту “Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы жарандык коом институттарынын потенциалын күчөтүү жана көмөктөшүү үчүн уюмдардын коррупцияга каршы демилгелер долбоорун ишке ашыруу коалициясын түзүү” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Белгилей кетсек аталган долбоор АКШнын Элчилигинин Демократиялык комиссиясынын техникалык колдоосу менен ишке ашууда.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай тренингтер жарандык коом институттарынын мүчөлөрү үчүн Кыргызстандын бардык областарында өтүп жатат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here