Дүкөндө баңгизат сатууну көздөгөн Баткендин тургуну кармалды

0
375

Баткен районунда афган тектүү 3 кг жакын баңгизаттарды тараткан жаран кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын натыйжасында, 2022-жылдын 13-февраль күнү, Баткен районунун Ак-Татыр айылында автотрассада жайгашкан дүкөндөрдүн биринде баңгизат сатуу аракети болуп жатканы маалым болгон.

Натыйжада аталган дүкөндүн айланасынан баңгизатын саттууга алып келген жеринен Баткен районунун Ак-Татыр айылынын жашоочусу 1974-жылы туулган жаран кармалып, анын колунан ак түстөгү кытай кабына салынып скотч менен оролгон үч даана оромдун ичинен таза салмагы 2 кг 846 грамм болгон афган өндүрүшүндөгү «гашиш» баңгизаты табылып алынган.

Ошол эле күнү саат 02:00 чамасында жогорудагы кылмыш ишине катышы бар деген дагы бир жаран такталып, ал Баткен районунун Паскы-Арык айылынын жашоочусу 1975-жылы туулган жаран болуп чыгып, камакка алынган.

Жогоруда аталган жарандар Баткен райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here