Баткен: Чек араны бузуп кирген тажик жараны адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

0
2399

Исфана шаарынын 35 жаштагы тургуну Лейлек райондук милициясына 58 жаштагы атасы дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирип кайрылган.
Лейлек РИИБнин ыкчам тергөө тобу дайынсыз жоголгон жаран иштетип жүргөн чайханасына келип, кароо жүргүзгөндө, чайхананын көмүр сактоочу жайында таштандылардын арасында кийимдери чечилип, күч колдонуп өлтүрүлгөн, жансыз денесин табышкан.
Бул факты Лейлек РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Лейлек жана Баткен РИИБнин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен районунун Самаркандек айылында качып жүргөн Тажик Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Ханобад айыл өкмөтүнүн 53 жаштагы Х.А.аттуу тургунун аныктап кармашкан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кармалган Х.А. мурда Өзбек Республикасында оор кылмыш жасап соттолгондугу жана Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз чек араны бузуп киргендиги белгилүү болду.
Азыркы күндө кылмышка шектүү Х.А. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда деп билдирди Баткен облустук милициясынан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here