Чек арадагы жеңилдик алуучу айылдардын тизмеси толукталат

0
393

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, кабыл алынган мыйзамга ылайык, Баткен облусунун бүткүл аймагында атайын салыктык-инвестициялык режим иштейт, облустун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жеңилдетилген жана акысыз негизде көрсөтүлөт, аймакты өнүктүрүү боюнча атайын кеңеш түзүлүп, ал эми аймакты өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Арзыбек Кожошев кошумчалагандай, аталган мыйзамдын алкагында министрлер кабинети 62 жеңилдетилген чек ара конуштарынын тизмесин бекитүү чечимин биринчи этапта кабыл алган. Бул тизме толук эмес, мыйзам чегинде жана бардык зарыл процедураларды сактоо менен толукталмакчы.

«Бул тизмеге Баткен районунун бардык чек ара айылдары кирбейт, анткени аларды киргизүү үчүн өзгөчө шарттар бар. Бул мыйзамдын талабы, үч шарт тең сакталышы тийиш. Бул чечимди кайрадан карап чыгып, экинчи этап менен жеңилдикке муктаж башка айылдарды тизмеге киргизели деп жатабыз. Ал эми Баткен облусунда социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү бир топ жогору болгон айылдар бар, аларга жеңилдиктер каралбастан, башка экономикалык стимулдаштыруу механизмдери каралат. Биздин негизги максатыбыз – чек арага жакын жайгашкан, мамлекеттин жардамына чындап муктаж болгон айылдарды бекемдөө. Бардыгын дароо жасоо мүмкүн эмес, айрыкча аймакта 12 жыл ичинде түзүлгөн кырдаал анча жакшы эмес. Эң негизгиси, «муз жарылып, иш башталды», — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here