Чек арадагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен 3 миллион чыгым болду

0
355

Баткен райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жажалда келтирилген материалдык чыгым  2 миллион 912​ 060 сом экенин тактады. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуядан 10 үй жабыркап, эки бастырма жана бир унаа күйгөн. Ошондой эле мал жандыктарына да зыяны тийген.

Учурда ​ Баткен районунун чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатат деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек 27-январда Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкеси Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулуп, ок атуучу куралдардан ок чыгарышкан. Натыйжада абал курчуп, эки тараптан ок атышуу орун алган.

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here