«Медиакербен» Баткен облусунда болду

0
509

Сөз эркиндигин, журналисттердин укуктарын коргоо, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча иш алып барган бир катар медиа уюмдардын өкүлдөрү Баткен облусунун  журналисттери менен жолугушту.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн жыйында аймактагы ЖМКлардын абалы, маселелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен алака-мамилелери, аларды жакшыртуунун жолдору талкууланды.

ОШондой эле жергиликтүү медиа кызматкерлер, кесиптик ишмердүүлүгүндө баштарынан кечирип жаткан маселелер боюнча медиа адистерге суроолорун узатып, кеп кеңештерди алышты.

“Медиакербендин” курамына “Журналисттер” жана “Журналисттердин көз карандысыз союзу” коомдук бирикмелеринин, “Медиа полиси институту”, “Медиа өнүктүрүү борбору”, “Журналисттик иликтөөлөр фондусу”, “ММКга колдоо көрсөтүү” коомдук фондуларынын, “ЖМКларга даттанууларды териштирүү” комиссиясынын, Жамааттык медиалар бирлигинин, Prevention Media, Factcheck.kg сайтынын өкүлдөрү кирет.

“Медиакербен” “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жардамы менен ишке ашырылып, өлкөнүн бардык облустарында болоору айтылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here