Кыргыз-тажик айылдарынын аксакалдары жолугушту

0
441

Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Тажикстандын Согди облусунун Чорку жамаатынын Самонен, Майский кыштагынын аксакалдары жолугушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Аксакалдар эки элдин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө, кошуналык мамилени улантуу максатында чектешкен аймактарда жолугушууларды өткөрүп жатат. Эки тараптын аксакалдары суусу бир, базары бир болгон кошуна элдин мамилесин чыңдоого, тынч жашоого жаштарды чакырып, карым-катнашты бекемдөө боюнча сөз беришти деп айтылат маалыматта.
Коопсуздукту камсыздоо максатында Баткен жана Тажикстандын Исфара райондорунун милиция жетекчилери да, аксакалдардын жолугушууларына катышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here