Тажик тараптын кезектеги негизсиз айыптоосу

0
338

2022-жылдын 20-январь күнү Баткен районунун Ак-Сай айылындагы айланма жол тилкесиндеги Бакай жерлигинде, тажик номери менен КАМАЗ үлгүсүндөгү автоунаа байкалган. Аталган автоунаа КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Ак-Сай” чек ара постунан Тажикистандын Ходжа-Айлоо айылын көздөй катуу ылдамдыкта өтүп кеткен.
Тажикистандын Согди багыты боюнча чек ара өкүлү Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлүнө Кыргызстандын жарандары КАМАЗ үлгүсүндөгү автоунаасынын алдыңкы айнегин талкалагандыгын билдирген. Ошол эле учурда айдоочуга кол салды деген маалымат тастыкталган жок деп билдирет, УКМКнын чек ара кызматынын маалымат кызматы.
Учурда эки тараптын укук коргоо органдары келип чыккан окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле  кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here