Сүлүктүдө жоголгон эки өспүрүм Бишкектен табылды

0
385

Сүлүктү ШИИБнин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын негизинде 2022-жылдын 16-январында жоголгон 15жаштагы Азимбаев Жоламан менен Камалов Кылычбектин жүргөн жерлери аныкталып, Бишкек шаарынан 21-январь күнү алынып келинди.
Азыркы учурда 2 жаш өспүрүм ата-энелерине өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Табылган балдардын ден соолуктары жакшы деп билдирди Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек Сүлүктү шаарында эки бала дайынсыз жоголгондугу боюнча алардын ата энелери милицияга кайрылган болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here